Все публикации
18.05.2023 Блог

Калакулова Эркинай: Мамлекеттик сатып алууну талдоо менен бирге, коомчулукка жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү жеткирүү.

Сатып алуу системасы, аналитикасыз максималдуу натыйжа бербейт жана сатып алууларды эффективдүү кылбайт. Ошону менен бирге, келечекте бизнестин ишенимин кайтарбайт. 

«Прецедент өнөктөш тобу” Коомдук бирикмесинин демилгеси менен сатып алуу боюнча көптөгөн окуу – тренингдерге катышып, жаны маалымат булактарын алдык. 

Кесибим мугалим болгондуктан, мамлекеттик сатып алуулар боюнча көп терминдер, маалыматтар жаңы болду. 

Тажрыйбалуу эксперт — тренерлердин жардамы, колдоосу менен мамлекеттик сатып алуулар жана аларга кандай талддоо жүргүзүлүүсүн окуп үйрөнүп жатабыз.

Долбоордун максаты мамлекеттик сатып алууларды талдоо менен бирге, коомчулукка жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Азыркы мезгилде 78 мамлекеттик сатып алууга мониторинг жүргүздүм. Алардын ичинен кызыктуу сатып алууларга кездешип, кээ бирлеринде мыйзамга дал келбеген жагдайларды аныктап жаттым. Ал эмне болгон сатып алуулар экенин кийинки чыгарылышта талдап берем.