Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Мониторингден чыккан үзүндү⁣⁣⠀

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттуугун жогорулатуу болуп саналат.⁣⁣⠀

Буга чейинки материалдарда атайын мамлекеттик сатып алуулар тууралуу түшүндүрүү аракеттерин жүргүзүп келгенбиз. Анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын ыкмалары тууралуу айтып кеткенбиз. Эми ал маалыматты текке кетирбей турмуштагы реалдуу мисалга таянып, бир тендерди талдап көрөлү.⁣⁣⠀

Мамлекеттик сатып алуу боюнча кезектеги мониторинг жүргүзүп жатып, төмөнкү нерселерди байкандым. ⁣⁣⠀

Суусамыр айыл окмоту тиш рентген аппаратын сатып алуу боюнча конкурс жарыялаптыр. Тандалган ыкмасы котировкаларды суратуу болуптур. ⁣⁣⠀

Бул ыкма боюнча берүүчүлөр үчүн квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, негизги критерий — эң төмөнкү баа. ⁣⁣⠀

Эстей кетсек, мындай учурда даяр (стандарттык) товарлар алынат. Сатып алынуучу тиш рентген аппаратын ошондой товарларга барабар десек болобу?⁣⁣⠀

Андан тышкары, бул ыкманы колдонгондо конкурсту жана натыйжалуу тандоону камсыз кылуу үчүн сатып алуучу уюм экиден кем эмес берүүчүнүн сунуштарын карайт. Бирок, биздин мисалда бир эле сунуш түшкөн, жыйынтыгында⠀жеңүүчү катарында⠀эсептелген. ⁣⁣

Бул болгону эле бир тендерди мониторинг кылгандан кийинки жыйынтыгыбыз, а бирок күнүгө өтүп жаткан мамлекттик сатып алуулардын көбүндө ушул сыяктуу жана башка бузуулар чыгат, ошондуктан бардыгыңыздарды мамлекеттик сатып алууларды изилдегенге жана мониторинг жүргүзгөнгө үндөйт элем. ⁣⁣