Эркинай Калакулова: Мамлекеттик сатып алуулардын котировкаларды суратуу ыкмасы⠀
Кайрадан сиздердин көңүлүңүздөрдү мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына бурабыз, бул материалда котировкаларды суратуу ыкмасы тууралуу кыскача айтып беребиз. ⠀
Котировкаларды суратуу ыкмасы даяр (стандарттык) товарларды, жөнөкөй (стандарттык) иштерди (мисалы, учурдагы оңдоо, башкача айтканда учурдагы инженердик коммуникацияларды жасалгалап оңдоо) конкреттүү сыпаттамасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда пайдаланылат, алар электрондук каталог аркылуу сатып алынат.⠀
Жабдуучуларга карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү котировкаларды сурап алуу ыкмасы менен сатып алууда эң аз баа негизги критерий болуп саналат.⠀
Жабдуучуларга карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган жумуштарды сатып алууда, тандоо критерийлери болуп квалификациялык, техникалык талаптарга шайкештик жана эң төмөнкү баа саналат.⠀
Атаандаштыкты жана эффективдүү тандап алууну камсыздоо үчүн сатып алуучу уюм/Агент экиден кем эмес жабдуучунун сунушун карайт.