Эркинай Калакулова: Чектелбеген ыкма эки пакеттүү жолу менен кандай ишке ашат?
Кайрадан малекеттик сатып алуулар ыкмасына токтолуп, кыскача маалымат беруу менен бышыктап кетсек ашыкча болбосо керек деп ойлойм.
Мамлекеттик сатып алууда чектелбеген ыкма менен сатып алуулар төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: эки пакеттүү ыкма жана сүйлөшүү ыкмасы менен.
Эки пакеттүү ыкма квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат.
Эки пакеттик ыкма квалификациялык маалыматтар, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр келишимди натыйжалуу аткаруунун негизги критерийлери болгондо колдонулат жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
Мындай учурларлада биринчи ирээтте катышуучуларга өздөрүнүн сунуштарын жалгыз гана квалификациялык, техникалык жана сапаттарын камтый тургандай болсун деп талап кылынат. Бул сунуштарды биринчи пакет деп атасак болот. Биринчи пакеттер ачылгандан кийин берилген сунуштарды талаптарга туура келээрин аныктайт. Эгерде туура келе турган болсо, аларга финансылык сунуштарын берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Муну экинчи пакет деп атасак болот. Жыйынтыганда сатып алуучу уюм эки пакеттин сунуштарын эске алып мыктысын тандайт.