Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Аффилирленген жак түшүнүгү

Урматтуу окурман, сиздер менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулуучу аффилирленген жак тушунугуно токтолуп кетели.

Аффилирленген жак — төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак:

1) мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;

2) сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;

3) саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары, ошондой эле бенефициардык ээлери болгон берүүчүлөр.

Мыйзам талабына ылайык сатып алуучу уюмга аффирленген жак менен контракт түзгөнгө тыйуу салынат. Бирок тилекке каршы, мониторинг жүргузүп жатып тескери учурларга кездешесиң.