Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Мамлекеттик сатып алуулардын 4 ыкмасы⁣⁣⠀

Урматтуу достор!⁣⁣⠀

Сиздер менен бирге, мамлекеттик сатып алуулардын 4 ыкмасы менен таанышып өтөлү.⁣⁣⠀

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында мамлекеттик сатып алуулардын 4 ыкмасы (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.⁣⁣⠀

Сиздердин назарыңыздарды биринчи ыкмага бурабыз:⁣⁣⠀

«Чектелбеген ыкма менен сатып алуулар төмөнкүдөй ыкма менен жүзөгө ашырылат:⁣⁣⠀

1) эки пакеттүү ыкма;⁣⁣⠀

2) сүйлөшүү ыкмасы менен.⁣⁣⠀

Эки пакеттүү ыкма квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат».⁣⁣⠀

Сүйлөшүү ыкмасы болсо, эгерде:⁣⁣⠀

«Сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо жана бул үчүн сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн алды канча канааттандыруучу техникалык шарттар боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында жабдуучулар менен талкуулоо зарыл. Талкуулоо техникалык спецификациялар жана аткаруу ыкмалары боюнча гана жүргүзүлөт».⁣⁣⠀

Сатып алуу предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же болбосо башка адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр саналат.⁣⁣⠀

Кийинки материалдарда мамлекеттик сатып алуулардын башка ыкмалары менен таанышсаңыз болот.