Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу кайсы этаптардан турат?

Урматтуу окурмандар, бул чыгарылышта мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, кандай этаптардан тураарын айтып өтөбүз.

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:

1) сатып алууларды пландоо;

Мамлекеттик сатып алуулар эффективдүү өткөрүү үчүн алгачкы ирээтте алдыдагы иштин баарын пландап алуу зарыл. Себеп дегенде баш аламан сатып алуулар мамлекеттик бюджетке зыян келтириши мүмкүн.

2) сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;

Сөзсүз түрдө мамлекеттик сатып алууну пландаштыруу менен чектебей, аны ишке ашыруучу иш-чараларды аткарыш керек. Андай кыймыл-аракеттирдин бири сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу болот.

3) сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;

Алдын ала пландоо иштерин жүргүзүп, сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыккандан кийин сатып алуу жөнүндө кулактандырууга өтсө болот. Ал кулактандыруу веб-порталга жайгашкандан кийин, каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын бере алат.

4) сунуштарды ачуу;

Тараптар берген сунуштар замат эле сатып алуучу уюм менен ачылбайт. Ал сунуштарды берүү мөөнөтү өткөндөн кийин белгилүү бир убакытта автоматтык түрдө ачылат.

5) сунуштарды баалоо жана салыштыруу;

Сатып алуучу уюм келген сунуштарды талаптарга ылайк баалап, катышуучылардын сунуштарын салыштырат.

6) жеңүүчүнү тандоо;

Сунуштарды баалоо жана салыштыруу жеңүүчүнү тандоого уланат.

7) контракт түзүү;

Бул этапта тандалган жеңүүчү менен контракт түзүлөт

8) контрактты башкаруу.

Жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуу контракт түзүү менен чектелбестен, ал контрактты башкаруу менен уланат. Мунун себеби ал жеңүүчү контракттагы талаптарды так жана сапаттуу аткарылышын көзөмөл кылуу.