Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Сатып алуу жөнүндө документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзам талабына ылайык бардык тараптарга бирдей түшүнүктүү болуш керек. Бирок иш жүзүндө келегенде кээ бир талаптар же документтер кээ бир жактарга түшүнүксүз болуп калган учурлар болот. Мындай жагдайда сатып алуучу уюм менен талаптарды же документтерди түшүнбөй калган суну берүүчү өз ара сүйлөшүп макулдашып алса анда башка сунуш берүүчүлөрдү кемсинтүү болуп калат. Анда эмне кылыш керек.

Эгер ушундай учур болсо, берүүчү веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу жөнүндө документтердин жоболору боюнча түшүндүрмөнү сурай алат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 жумуш күндөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берет.

Түшүндүрүү учурундагы эң негизги эреже — берилген суроосу дагы, жообу дагы веб-портал аркылуу берилет. Ал суроо-жооп бардык тараптарга ачык болушу керек.

Ошондой эле сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мындай өзгөртүүлөр веб-порталда жүргүзүлүүгө тийиш.