Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы⁣⁣⠀

Достор, бугун сиздерге эң керектуу болгон официалдуу малекеттик сатып алуулардын веб порталы боюнча маалымат берип өтсөм.⁣⁣⠀

Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы⠀-⠀маалыматтарды 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо менен мамлекеттик сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыздоо максатында сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мамлекеттик маалыматтык тутум.⁣⁣⠀

Мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталына⠀Кыргызстан боюнча⠀сынакка катышкан сатып алуучулар жана камсыздоочулардын сынактары жарыялангандыгын көрө алабыз. Порталда сынак боюнча баадык маалыматтарды сурап, керектүү маалыматтарды алсак болот (http://zakupki.gov.kg/popp/).⁣⁣⠀

Порталдын инструменттери мамлекеттик сатып алууга кызыккан ар бир адамга түшүнүктүү жана жөнөкөй десек болот. ⁣⁣⠀

Алар бизге ким, качан, кандай тендер жарыялаганын, анын суммасын, талаптарын, катышуучуларын жана алардын сунуштарын, тандалган жеңүүчүлөрдү изилдегенге мүмкүнчүлүк берет. ⁣⁣⠀

Бул маалыматтын баарын билүү үчүн сөзсүз түрдө портал сатып алуучу уюм же камсыздоочу катары катары катталуунун кереги жок. Ошондуктан мамлекеттик сатып алууларды мониторинг жүргүзүп жатканда тоскоолдук болбойт.