Все публикации
18.05.2023 Блог

Эркинай Калакулова: Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы жөнүндө түшүнүк

Мамлекеттик сатып алуу мыйзамында ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы жөнүндөгү түшүнүк — контракт боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин реестри.

Сатып алуучу уюм/Агент ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына коллегиалдуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жекече аткаруучу органдын функцияларын аткаруучу адамдарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген адамдарды киргизүүнү демилгелейт, эгерде:

1) сатып алуулардын жеңүүчүлөрү деп табылган берүүчүлөр жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартса, эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал режимин, өзгөчө абалды же күч жетпей калган жагдайларды киргизүү менен байланышкан болсо, мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта;

2) өзүнүн сунушунда анык эмес маалымат берген жана ал сунуштарды баалоо жол-жобосунун этабында анын так эместиги аныкталган берүүчүлөр жана консультанттар же сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндө контрактты бир тараптуу тартипте бузган берүүчүлөр жана консультанттар контрактты аткаруунун жүрүшүндө сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарына берүүчүлөрдүн шайкеш келбегендиги, же берүүчүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мындай контракттар түзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген мындай талаптарга өзүнүн ылайыктуулугу жөнүндө анык эмес маалымат бергендиги аныкталса;

3) ушул Мыйзамга ылайык алар менен контракт түзүлгөн сатып алуунун катышуучулары тарабынан берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларациянын шарттары бузулса, буга сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жарыяланган шартта, эгерде мындай бузуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт;

4) берүүчүлөр, консультанттар алар менен түзүлгөн контракттар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, буга мындай контракт мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жана аны аткаруу мөөнөтүндө түзүлгөн шартта, эгерде мындай аткарбоо өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт.